20.09.2018 09:35

Президент Сооронбай Жээнбеков иш сапар менен Кемин районуна барат

Президент Сооронбай Жээнбеков иш сапар менен Кемин районуна барат

Бүгүн, 20-сентябрда Мамлекет башчысы иш сапары менен Чүй облусунун Кемин районуна барат. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. 

Иш сапардын алкагында Президент Кемин районундагы Орловка шаарындагы күн энергиясынын рыногуна багытталган  монокристалл куймаларды жана пластиналарды өндүрүүчү «Астра Солар Технолоджис» ишканасы менен таанышып, жергиликтүү жашоочулар менен жолугат.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кызматына киришкенден бери буга чейин Нарын, Баткен, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Талас жана Чүй облустарында иш сапар менен болгон.